• Дүйшөмбү 23 Жетинин айы 2020

Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу элге кайрылды

7 ноября 2020 в 15:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Төмөндө кайрылуу сөзү:

«Урматтуу мекендештер!

Жылда 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилеп келебиз. „Тарыхы болбой, эл болбойт“ деп кеменгер элибиз илгертен даана, так айтып келген. Тарыхты билүү азыркыбызды аныктап, келечекке жол ачат.

Акыркы тарыхый ачылыштар кыргыз тарыхы үч миң жылдан ашык мезгилди өз ичине камтып, Евразия континентинде, анын ичинде Борбордук Азияда кыргыздар уюткулуу эл болгондугун тастыктады.

Биз өз тарыхыбыз менен сыймыктанабыз. Тарыхтын тагдыр чечүүчү сыноолорунан өтүп, эл катары сакталып, эгемен мамлекетке ээ болуу тарыхта бардык эле элдерге буйруган жок. Мындай жетишкендик биздин ата-бабалардын кеменгерлигинин, баатырдыгынын жана алысты көрө билгендигинин негизинде гана жаралды.

Кыргыз мамлекетин түзүү жана түбөлүк сактоо жөнүндө улуу максат элибиздин үч миң жылдан ашкан тарыхындагы эң негизги баалуулук болду. Мамлекеттүүлүк, эркиндик, көз карандысыздык, элди, жерди, Мекенди сүйүү идеялары улуттук сыймыгыбыз, кыргыз рухунун туу чокусу болгон „Манас“ эпосунун негизги өзөгүн түздү.

Кыргыз мамлекеттүүлүгү оор кыйынчылыктарды башынан кечирип, бирде мүңкүрөсө, бирде дөөлөттүү өлкө катары атагы дүйнөгө тарап, орто кылымдарда ата-бабаларыбыз Евразия чөлкөмүнүн борборунда Улуу кыргыз дөөлөтүн түзгөндүгү биздин байыркы мезгилдерден эле дымактуу журт болгондугубуздан кабар берет. Элибиздин эркиндик үчүн тышкы жана ички душмандарга каршы баатырдык күрөшү биздин дүйнөлүк тарыхта татыктуу орунду ээлегенибизге шарт жараткан.

ХХ кылымда да элибиз чоң сыноолорду башынан кечирди. 1916-жылдагы каргашалуу окуялар, 1930-жылдардагы саясий репрессиялар оор жоготууларга алып келди. Ошол эле учурда улуттун келечекти көрө билген, мекенчил өкүлдөрүнүн эрктүүлүгүнүн жана тынымсыз аракеттеринин натыйжасында СССРдин курамында советтик улуттук мамлекеттүүлүгүбүздү түптөй алдык. 1924-жылы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун, 1926-жылы Кыргыз АССРинин, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү бүгүнкү көз карандысыз Кыргыз Республикасынын түзүлүшүнө тү дөн-түз өбөлгө болду.

Эгемендүүлүктүн жылдарында да кыргыз мамлекети татаал тарыхый маанилүү окуяларды башынан кечирди. Үч жолу элдик нааразычылыктар бийликтин алмашуусу менен аяктады.

Бүгүнкү күндө тарыхыбыз дагы терең изилдөөлөрдү талап кылат. Окумуштуу илимпоздорубузга чоң тарыхый милдет жүктөлгөн. Келечек муундар тарых китептерибизден биз ким элек, ким болдук, ким болобуз? деген суроолорго так жооп алуусу абзел. Бул бизди дүйнөлүк аренада эл катары орун ээлеп, өнүгүүбүзгө өбөлгө жаратат. Тарыхый эс-тутум бизди маңкуртчулуктан сактайт.

»Өткөндү эстебей, келечекке кадам таштай албайсың« деп элибиз бекеринен айтып келген эмес. Ушул Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү артты кылчайып карап, алдыга карай ой жүгүртүп, өткөн ата-бабаларыбыздын рухуна таазим этүү — биздин ыйык милдетибиз».

Количество просмотров: 51