• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров туулган күнүн кантип белгилейт?

6 Бештин айы 2021 16:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 53 жашка толду. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул күн президент үчүн кадимки иш күнү экенин билдирди.

«Мамлекет башчысынын бул күнү башка иш күндөрүнөн айырмаланбайт. Садыр Жапаров бул күндү иш ордунда өткөрөт. Пландаштырылган кеңешме жана жолугушуулар кадимки тартипте өтөт. Кечинде туулган күнүн үй-бүлөсү менен бирге тар чөйрөдө белгилейт», — деп билдирди Султанбаев.

Количество просмотров: 396