Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV
Камактагы мурунку депутат Садыр Жапаров уулу Дастанга топурак салуу үчүн чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, буга чейин анын жактоочусу Жапаровду убактылуу бошотуу үчүн ЖАМК жетекчилиги менен президентке кайрылган.
Дастан Садыр уулунун сөөгү 28-августта Ысык-Көлдө жерге берилет.
Эске салсак, жол кырсыгы 22-августта түндө саат 22.25тер чамасында болуп, Дастан Садыр уулу 26-августта Бишкектеги ооруканада өзүнө келбей көз жумган.