• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Садыр Жапаров Ваагн Хачатрянды Армениянын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

4 Жалган куран 2022 18:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Ваагн Хачатрянды Армениянын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Кыргызстан менен Армениянын ортосунда калыптанып калган достук мамилелер мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө жана евразия мейкиндигиндеги интеграциялоо процесстеринин тереңдешине өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп айтылат Мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Садыр Жапаров Ваагн Хачатрянды чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Армения Республикасынын элине –тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 185