• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаровду кайсы өлкөнүн лидерлери куттуктады?

6 Бештин айы 2021 13:26 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 53 жашка толду. Жапаровго башка өлкөнүн президенттери куттуктоо жолдоп жатышат.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 6-декабрда Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Жапаров Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеев менен да телефон аркылуу сүйлөштү.
Учурдан пайдаланып, Өзбекстандын президенти президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
Лидерлер эки тараптуу күн тартибин жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады. Ал Садыр Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоодогу олуттуу салымын белгиледи.

Количество просмотров: 275