Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
Чүй облустук соту мурдагы депутат Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, анын иши 19-августта кайрадан каралат. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
“Сот 19-августта ишти мыйзам чегинде карап, туура чечим кабыл алса, Садыр Жапаров августтун аягында же сентябрдын тегерегинде эркиндикке чыгышы керек”,-деди Шарабидин Токтосунов.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. Ушул жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.