• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Садыр Жапаровдун Италияга иш сапары пландалууда

9 Бештин айы 2021 14:28 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын биринчи жарымында Италияга иш сапары пландалууда. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

Ведомстводон кабарлашкандай, КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашкан.

Казакбаев менен Луиджи Ди Майо 8-декабрда Ташкент шаарында «Борбордук Азия + Италия Республикасы» министрлеринин жолугушуусуна катышуунун алкагында жолугушкан.

«Кесиптештер эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Ошондой эле 2022-жылдын биринчи жарымында КР президенти Садыр Жапаровдун Италияга иш сапарын жана Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттарды бекемдөө жана диверсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Количество просмотров: 138