10-ноябрда, Россиянын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттеринин башчыларынын кеңешмеси видеоконференция режиминде өттү.
Кыргызстандын атынан Президенттин милдетин аткаруучу, премьер министр Садыр Жапаров катышып сөз сүйлөдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу болду. Жыйын соңунда бир катар жыйынтык документтер кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө уюмдун мүчөлөрү— Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Байкоочу мамлекеттер: Афганистан, Беларусь, Иран, Монголия.