• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды

23 Чын куран 2019 10:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.

Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды. Мындай чечимди соттук курамы жарыялады.

Жогорку сотто экс-депутат Садыр Жапаровдун иши карала башталганда, саясатчынын адвокаты Шарабадин Токтосунов сотту акыйкат болууга чакырды.

Мындан кийин адвокаттар КРнын жарандык кодексинин 65-статьясынынын талаптарына ылайык, соттун курамына, төрагалык кылган судьяга Лепес Темирбековго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Мурдагы ишти да ушул курам караган.

“Сиз ишти баштабай туруп, мыйзамдын талаптарын бузуудан баштадыңыз. Биринчи соттун курамы жарыяланып туруп, андан кийин өтүнүчтөргө өтөт. Биз айтканадан кийин гана өз катаңызды ондоп кетип жатасыз”,-деп нааразычылыгын билдирди адвокат.

Белгилей кетсек соттук отурумга С. Жапаров өзү алынып келинген жок.

Количество просмотров: 21