• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сагынбаев: Бишкек шаарындагы ЖЭБде 299,1 миң тонна көмүр бар

20 Жетинин айы 2020 11:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы ЖЭБде 299,1 миң тонна көмүр бар. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБге Кара-Кечеден 326,4 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 29 миң тонна, Казакстандан 67 миң тонна көмүр алынып келген. 20-ноябрга карата ЖЭБде 299,1 миң тонна көмүр калган.

«Кара-Кечедеги тоо көчкүдөн кийин жол жабылган. Каржы министрлиги тарабынан акча каражаты бөлүнүп, ал жакта иштер жүрүүдө. Көмүр кениндеги жумуштар бир жуманын ичинде бүтөт», — дейт ал.

Сагынбаев кошумчалагандай, Ош шаарынын ЖЭБинде 20 миң тонна мазут даярдалган.

Количество просмотров: 86