• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сагынбаев: Коопсуздук кеңеши 4 чиновникке катуу сөгүш берүүнү сунуштады

24 Үчтүн айы 2020 15:33 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңеши Социалдык фонддун жана Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилерине жана аталган комитеттин жетекчисинин эки орун басарына катуу сөгүш берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдардын 30 жетекчиси тартиптик жазага тартылат.

«Башкача айтканда, президент менен өкмөт башчыга Коопсуздук кеңешинин отурумдарында коллегиялык түрдө кабыл алынган тапшырмаларды толук эмес, формалдуу түрдө аткарган жетекчилерди жазалоо сунушталды. Жазалардын ичинде эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш болот. Төрт адамга катуу сөгүш берүү сунушталды: алар Социалдык фонддун жетекчиси, Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси жана анын эки орун басары», — деди ал.

Количество просмотров: 292