• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сагынбаев менен Ниязовдун жакындары бийликке кайрылды

3 Бештин айы 2020 12:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Канат Сагымбаевдин жактоочусу менен жакындары маалымат жыйын өткөрдү.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, алар 9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу дагы айыпталып жатат.

«Фарид Ниязов ошол күнү өткөн акцияларда чыгып сөз сүйлөгөн эмес. Ал эми Канат Сагынбаевдин «Ала-Тоо» аянтында сүйлөгөн сөзүндө кылмыштын белгилери жок. Мындан улам аларды массалык башаламандык уюштурган деген айыптоо негизсиз»,-деди жактоочу.

Жоошев октябрь окуяларында аянтта айыл чарба министри Тилек Токтогазиев, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев дагы пикирин айтканын, бирок аларга негиз жок болгондуктан иш козголбогонун кошумчалады.

УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун жакындары бүгүнкү бийликке кайрылып, аларды үй камагына чыгарууну суранышты.

«Азыркы бийлик менен укук коргоо органдарынан Канат Сагынбаевге карата адилет чечим чыгарып беришин суранам»,-деди Туратбек Сагынбаев.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапкерлери аларды түрмөдөн бошоткон. Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.

Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Биринчи май райондук сотунун чечими менен Канат Сагынбаев да эки айлык мөөнөткө Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. Ал эми Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту 29-октябрда карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган.

Количество просмотров: 89