• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сахалинде 27 жаштагы кыргыз жараны киши колдуу болуп каза болду

23 Теке 201913:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.

Россиянын  Сахалин облусунда 27 жаштагы кыргыз жараны киши колдуу болуп каза болгондугун жергиликтүү  басылмалар жазууда.

 Маалыматка ылайык, 27 жаштагы кыргыз жаранынын жансыз денеси 21-июль күнү  табылган.Маркум таксист болуп иштегени айтылууда. Бул факты боюнча Сахалин облусунун тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, шектүү катары үч жаран кармалган. Шектүүлөрдүн экөө мурда соттолгон болсо, бирөө ушул жылдын 30-май күнү абактан чыккан. Алар Түштүк-Сахалин шаарынын тургундары.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери башталганы айтылган.

Количество просмотров: 12