• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Саимаитинин өлүмү. Мурунку башкы консул Эркин Сопоков суракка келди

28 Жетинин айы 201919:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоков суракка чакырылды. Бул киши колдуу болуп көз жумган ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө байланыштуу.

Э.Сопоков УКМКда бүгүн, 28-ноябрда сурак бергенин АКИpress агенттигине булактар билдирди.

Стамбул шаарында Айеркен Саимаити көз жумган кафенин жанынан Эркин Сопоковго таандык 34 CC 2902 консулдук номуру тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа табылган болчу. Ал дароо ээлеген кызматынан бошотулган. Кийинчерээк унааны Айеркен Саимаити Сопоковго 10 миң доллар пара берип алганын «Sozcu» түрк басылмасы жарыялаган.

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Эркин Сопоков «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаасы эмне үчүн Кытайдын жараны — ишкер Айеркен Саимаити өлтүрүлгөн аймактан табылганын түшүндүрө албаганын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкен.

Ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектелип 3 адам кармалды. Алар Түркиянын аймагынан чыгып, Сирияга кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдирген.

Кылмыш болгон жерде үч шектүүнүн жүргөнү видеокамерага тартылып калган. Ошондой эле камерага алардын унаасынын номуру түшкөн.

Булак: АКИ пресс.

Количество просмотров: 752