• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Саиматинин өлтүрүлүшү. Депутаттык комиссиянын курамына 2 депутат кошулду

28 Жетинин айы 201912:50 Бишкек Govori.TV

Түркияда киши колдуу болуп көз жумган ишкер Айеркен Саиматинин айланасындагы окуяларды иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Кийинчерээк комиссиядан эки депутат — Искендер Матраимов (КСДП) менен Алтынбек Сулайманов («Бир бол») чыккан.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 28-ноябрдагы отурумундагы чечим менен комиссиянын курамына 2 депутат кошулду. Алар — Абтандил Кулбараков (КСДП) менен Жаныбек Бакчиев («Бир бол»).

Комиссия курамы:

Өмүрбек Бакиров (КСДП), Сайдолимжон Жураев (КСДП), Аалы Карашев (КСДП), Абтандил Кулбараков (КСДП), Мирлан Жээнчороев («Республика — Ата Журт»), Закир Шарапов («Республика-Ата Журт»), Талант Мамытов («Республика-Ата Журт»), Данияр Төлөнов («Кыргызстан»), Алмазбек Эргешов («Кыргызстан»), Тынчтыкбек Шайназаров («Өнүгүү-Прогресс»), Жаныбек Бакчиев («Бир Бол»), Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен»).

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Количество просмотров: 77