• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму өтөт

11 Бирдин айы 20209:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-февралда саат 11:00дө Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиясынын отуруму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү чакырылган.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеӊештин жыйынында кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Айеркен Саимаити 10-ноябрда Стамбулда атылып өлтүрүлгөн. Буга шектүү катары 4 адам кармалган.

Количество просмотров: 95