• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Саймаитинин өлүмү. Депкомиссиядан Матраимовду чыгаруу сунушталды

22 Жетинин айы 201912:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ушундай сунуш киргизди. Ал «Азаттыкка» сүйлөп жатып, кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамында Искендер Матраимовдун болушу коомчулукта ишенбестик жаратарын айтты.

Комиссиянын курамынан Матраимов чыгыш керек. Анткени комиссия өз иликтөөсүн жүргүзгөн соң, анын жыйынтыгына коомчулук ишенбей коёт. Бул маселени комиссиянын башка мүчөлөрү көтөрүп, талап кылабыз деген ойдомун, — деди Шыкмаматов.

Жогорку Кеңеш 21-ноябрда уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзгөн.

Комиссия Саймаитинин өлтүрүлүшүн, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтөөнү ниеттенүүдө.

Аталган депутаттык комиссияга КСДП фракциясынан Искендер Матраимов, Өмүрбек Бакиров, Сайдиломжон Жураев жана Аалы Карашев, «Республика — Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов кирди. «Кыргызстандан» Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тынчтык Шайназаров, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди.

Количество просмотров: 132