Бүгүн, 31-январдагы Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат. Ага 4 гана эл өкүлү катышууда.
Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев жыйынга Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду, депутаттар Алтынбек Сулайманоду жана Дүйшөн Төрөкуловду маалымат алуу үчүн чакыруу сунушун келтирди.
Учурда жыйында Азаттыктын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, күч структураларынын тийиштүү өкүлдөрү келип катышууда.
Белгилей кетсек, жыйынга өз каалоолору менен Матраимовдордун жактоочулар келип катышууда. Канат Азиздин айтымында «Азаттык» келип маалымат берип жаткандан улам алар да келүүнү чечишкен.
Буга чейинки аталган комиссиянын жыйыны 21-январда болгон эле.
Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.
Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат