• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сакеева Санкт-Петербургдагы Кыргызстандын башкы консулу болду

16 Тогуздун айы 2023 18:01 Бишкек Govori.TV

Алтынай Сакеева Санкт-Петербургдагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сакеева Алтынай Ишеновна Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.

Количество просмотров: 79