Бишкек шаарында ыктыярчы кыз медициналык жардамга муктаж болуп жаткан адамга жабдыктын жоктугунан жардам көрсөтө албай, ал адам өзүнүн кызын жакшы көрө турганын жеткирип коюуну суранып көз жумганын айтып ыйлаган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ал адам тирүү экенин бүгүн, 22-июлда билдирди.
Ыктыярчы кыз менен Жоломан Карымшаков (ыктыярчылар жардам көрсөткөн адам) кечээ жолугушту.
ИИМдин Тергөө кызматы бул тууралуу маалымат тарагандан кийин териштирүү иштерин башташкан.
ИИМдин билдирүүсүндө: «А.Мурзаева өз ыктыяры менен “Демилгелүү жаштардын борбору” коомдук уюмунда ыктыярчы болуп иштеп жаткан. 16-июлда саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда көчөдө бир адам эс-учун жоготуп жатат деген маалымат түшүп, ал жерге барышкан. Алар жерде отурган адамдын дем алуусу оор болуп жаткандыктан аны түнкү стационарга алып барышканын билдирген.
Стационардагы дарыгерлер бош орун жок экенин билдирип, бирок убактылуу болсо дагы башка ооруканага жаткырганга чейин кычкылтек концентраторуна кошуп тургулачы деген суранычтан улам дарыгерлер макул болуп, ал адамды стационардын ичине алып кирип кетишкен.
Арадан он мүнөт өткөндөн кийин стационардагы дарыгерлердин бири «силер алып келген адамдын жүрөгү токтоп, каза болуп калды» деп билдирген. Ал адам кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгону айтылууда. Бактыга жараша ыктыярчылар кеткенден кийин ал адам эс-учуна келген.
Иликтөө иш-чаралары менен адам каза болду деген маалымат жалган болуп чыкты», — деп айтылат.
Кошумчалагандай, 45 жаштагы Жоломан Карымшаков Ата-Башы районунун тургуну, учурда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашайт.
Жоломан Карымшаков 16-июль күнү саат түнкү ондор чамасында мас абалда жүрүп, кан басымым көтөрүлүп Ак-Өргө конушунда жолдо жатып калганын, аны ыктыярчылар ооруканага алып барганын жана ооруканада эсине келип үйүнө чыгып келгенин айткан.