• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Сакыбаева: Бийлик өз ишин жалаң фейктер аркылуу жүргүзүп жатат

26 Бугу 2023 12:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын 26-майдагы жыйынында журналист Аскер Сакыбаева сөз эркиндигинин абалына токтолду.

Анын айтымында, Орусиядан оодарылган жаңы мыйзам менен кесиптик журналистиканы жок кылуу аракети болууда.

«Канат-бутагыбызды кыркып жатат» деп азыр айтыш керек. Мурда бирин-серин депутаттар, айрым президенттер кээ бир ММКларди миллиондогон сомго жыгып, коомдо уу-дуу сөз болуп келсе, азыр мыйзам аркылуу системалуу түрдө бардык тараптан биздин канатыбызды кесип жатат. Коомдо кандай жашоо жүрүп жатат? Бийлик өз сөзүн, ишмердүүлүгүн элге жеткирүү үчүн фейктер менен иш алып барып калды. Баарына окшош текст берилет, КТРК баштап ошону жайылтып олтурат. Биз ММКдагы жаңы мыйзамдарга, журналисттердин колу-бутун тушап жаткан нерсени айтып жатабыз. Акыркы эки жылда системалуу түрдө чабуул, калыпка салуу болуп жатат. Дмитрий Ложниковдун айткандарына толук кошулам. Бул мыйзам менен кесиптик журналистиканы жок кылуу аракети болуп жатат. Орусиядан көчүрүлгөн бул мыйзам менен кесиптик журналистиканы жок кылуу аракети болууда. Кыргызстан 30 жылда сөз эркиндиги менен гана мактана алчу»,-деди Сакыбаева.

Белгилей кетсек, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин Конституциялык кепилдиктери жана учурдагы түзүлгөн кырдаал тууралуу талкуу өткөрүп жатат. Ага ЖМК өкүлдөрү, медиа эксперттер катышууда.

Количество просмотров: 140