• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саламат Аламанов: Ворухта курулуп жаткан жол эртерээк бүткөндө, мындай абал жаралмак эмес

15 Жалган куран 2019 15:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.03.2019. Govori.TV.

13-мартта кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Чырдын чыгуусуна Ворух анклавындагы унаа жолунун курулушу себеп болгон. 

Ал эми бул маселе боюнча «Govori.TV» агенттиги Чек ара маселеси боюнча эксперт Саламат Аламановго кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөдү айтып берди:

«Азыркы чыр чыгып жакан жер Ворух анклавынын тегерегинде. Ошонун күн батыш тарабына кыргыздардын жайыттарына жетүү үчүн жол салабыз деген аракет 2013-жылы башталган. Ошол бүтпөй келе жатат. Анан бул жол эки тараптын тең көңүлүн алакты кылып, натыйжада чыр чыгып жатат. 2013-жылы эле башталган бул жолдун куруулуусу алигиче бүтпөй келет. Мындан улам эки тарап түшүнбөстүктөргө кабылып жатат»,-деди Аламанов.

Эксперт бул иш кылдат текшерүүнү талап кылааарын кошумчалап өттү.

Эске салсак, бүгүн чек арадагы маселе менен жеринде таанышуу үчүн Жогорку Кеңештин беш депутаты Баткенге жөнөп кетти. Кечээ вице-премьер-министр Ж.Раззаков, ИИМ министри К. Жунушалиев, ошондой эле саясатчы К Ташиевдер барышкан.

Количество просмотров: 36