Бүгүн, 29-мартта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрдү.
Жыйында министрге 2 орун басарын эмне себептен кызматтан алганы тууралуу суроо узатылды.
«Мен саламаттык сактоо жана реформаларга жооп бере турган командамды түздүм. 5-6 ай иштеп, жумуштун эффективдүүлүгүн көрдүм. Эгерде 3 айда менин орун басарларым жыйынтык көрсөтпөсө, бизге абалды оңдоо үчүн бир гана мүмкүнчүлүк берилди. Орун басарларым эс алып жатканда, мен күнү-түнү иштеп жүрдүм. Мындай кызматкерлердин кереги жок— деди Бейшеналиев.
Эске салсак, Бейшеналиев өткөн аптада 2 орун басарын — Мадамин Каратаев жана Нурболот Үсөнбаевди ээлеген кызматтарынан бошотуп, алардын ордуна Улукбек Бектурганов жана Жалалидин Рахматуллаевди дайындаган.