• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Саламаттык сактоо министри: Ооруга каршы тура алабыз, паникага алдырбагыла

18 Жалган куран 2020 10:06 Бишкек Govori.TV

Паникага алдырып, дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул ооруну тартип жана тазалык менен гана жеңе алабыз.

«Илдеттин очогу болгон Кытай ооруну тартип жана тазалык менен жеңип жатат. Негизгиси ар бирибиз өзүбүзгө жана үй-бөлүбүзгө жоопкерчиликтүү болуп, гигиенаны сактайлы», — деди министр.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган ачгачкы учурлар катталды. Жуктуруп алган үч жаран азыр Жалал-Абаддын инфекциялык ооруканасында.

Количество просмотров: 1474