Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кетти. Бул тууралуу “Репортёр” өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматта Абдикаримов эмне себептен кызматтан кетип жатканы айтылган эмес.
Кошумчалагандай, анын ордуна Милдеттүү камсыздандыруу фондунун жетекчиси Эльнура Боронбаева келээри айтылууда.
Ал эми бул тууралуу азырынча расмий маалымат алууга мүмкүн болгон жок.