• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Саламаттык сактоо министринин милдетин ким аткарат?

3 Кулжа 2022 14:02 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп эч ким дайындала элек. Бул тууралуу Govori.TVга министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин кызматкерлери, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр штаттык режимде ишин улантууда.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинде жыйын өткөрүп, төмөндөгүлөрдү белгилеген.

«Азыр кандайдыр бир чечим кабыл алуу туура эмес. Себеби министр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы тандала элек. Андыктан кадрдык чечимдер тууралуу айтуу эрте», — деген Байсалов.

Эске салсак, министр Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон. Кийин»Опузалап акча талап кылуу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери да кошулуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 265