«Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Жаркынбек Касымбеков Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын билдирип, министрликке барып жыйын өткөрдү.
Ал саясий маселелер дарыгерлерге тиешеси жок экенин белгилеп, күчөтүлгөн режимде иштөөгө чакырды.
Ал эми жыйындын катышуучулары бул дайындоого каршылыгын билдиришип, учурда министрдин орун басарлары жумушунда экенин, айтып башка адамды дайындоонун кажети жок болчу дешүүдө.