• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Саламаттыкты сактоо министри COVID-19 вирусуна 2 жолу анализ тапшырды

12 Чын куран 202011:48 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов COVID-19 вирусуна 2 жолу анализ тапшырды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, тесттердин натыйжасына терс болуп чыккан.

«Ал министр кызматына дайындалганга чейин Жалал-Абад облусу боюнча координатор болгон. Кырдаалга жараша анын 14 күн карантинде болуу мүмкүнчүлүгү болгон жок, ошондуктан министр кызматына киришкен. Жакында биз да анализ бердик, вируска карата терс натыйжа чыкты», — дейт Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду

Количество просмотров: 619