Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы жакшыра баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
«Курманкуловдун колу-буттары кыймылга келип, өзү тамактана баштады. «Бирок толук айыкканча дарылануу дагы эки жарым айга уланат» деп белгилеген дарыгерлер.
Эске салсак, Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.