• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Салтка айланган сары кыздын тою

30 Теке 2018 11:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.07.2018.Govori.TV
Ушул тапта Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районуна караштуу, Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек айылында “Өрүкфест-2018” фетивалы өтүп жатат. Фестивалдын жүрүшүнө Govori.TV маалымат агенттигинин журналистти Ысамамат кызы Гульшат катышып келди.
Фестивалдын максаты туризмди өнүктүрүүгө жана аймак өрүгүн даңазалоого багытталган.
Өткөрүлүп жаткан “Өрүкфест” фестивалы фермер, сатып алуучу жана кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы  байланышты жөнгө салуучу аянтча.  Бул иш-чараны Жети-Өгүз районунун тургундары, Ысык-Көл облусутук админстрациясы жана FDS коомдук фонду  уюштуруп, “Kumtor Gold Company” сыяктуу ири ишканалар демөөрчүлүк кылган.
Фестивалдын алкагында өзүн-өстүрүүгө багытталган семинарлар, мастер-класстар, жарманке конкурстар жана өрүктөн жасалган тамак аштардын көргөзмөсү дагы уюштурулду. Иш чарага конок катары  КРнын экс президенти    Роза Отунбаева, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ЖК депутаттары жана Германиядан келген туристтер катышты.
Роза Исаковна өз сөзүндө уюштуруучуларга ырааазычылык билдирүү менен бул фестивалдын өлкөнүн бейпилдиги үчүн,экономиканы  өстүрүү үчүн жана туризимдди гүлдөтүү үчүн керек экенин  белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, Ысык-Көлдүн абрикосу өзгөчө даамга ээ болгондуктан иш чарада     жекргиликтүү тургундардын өрүктөн жасаган даамдары өзгөчө көңүлдү бурду. Мындан сыртакары фестивалга ири ишканалар,сатуучулар жана жергиликтүү тургундар өздөрүнүн  колдон жасалган буюмдары менен көргөзмөгө катышышты. Фестивалга эстрада ырчылары Нурлан Насип, Гүлзада Рыскулова жана манасчы Рыспай Исаков чакырылып, өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.
Эске сала кетсек, “Өрүкфест-2018” фетивалы  “Сары кыздын тою” деген ат менен 3 жылдан бери өткөрүлүп келет.
Количество просмотров: 5