Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.
Бүгүнкү «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партиялары биргеликте өткөрүп жаткан митингде мурунку Башкы прокурор Аида Салянова эл менен кошо адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты талап кылып жатканын билдирди.
Мындан сырткары сот бийликтин көзүн карап келгенин, дагы да карап жатканын айтты. Эгер соттор бийликти карабай мыйзам чегинде өздөрү чечим чыгарса акыйкаттык болмок экенин, ошондой эле ашыкча сүйлөгөндөн да коркуп турганын билдирди.