Депутаттык мандат мага азырынча кереги жок. Бул тууралуу мурунку Башкы прокурор жана мурунку депутат Аида Салянова билдирди.
Депутаттык мандат ушул иштин негизинде алынган. Аны кайра алуу аябай узакка созула турчу иш. Биринчиден ЖКнын иштей турган мөөнөтү деле бүтүп калды, экинчиден ден соолукка байланыштуу. Ал жакка деле барат элем деген маселе жок, — деди Салянова.
Эске салсак, Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.