Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.
Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу камакка алынган мурунку башкы прокурор Аида Салянова азыркы учурда ооруканада жана анын абакка которуу маселесин дарыгерлер чечет. Бул тууралуу анын жактоочусу Рабига Сыдыкова «Govori.TVга» билдирди.
21-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, ал 26-августка чейин камакта калтырылган жана Салянова жаңы курулган №26 тергөө абагына которуу чечими чыккан.
Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 3-июнда көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин имаратына алынып келип, 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 5-июнь күнү сот Салянованы 21 күнгө камакка алуу чечимин чыгарып, №1 тергөө абагында калтырылган. 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна ден соолугуна байланыштуу жаткырылган.