• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Салянованын сотунда дагы бир чуу жаралды

6 Бирдин айы 2018 17:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.02.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын сотунда судья Ирина Воронцова адвокат Рабига Садыкованын жарыш сөзүн токтотту. Натыйжада соттук жыйын нааразылык менен коштолуп, чуу чыкты.

Судьянын айтуусунда, адвокат буга чейин айтканын кайталап жатат.

— Сиз эртең менен айтканыңызды кайталап жатасыз. Бул сотту атайылап созуу аракети жана ал сизге да сый алып келбейт, — деди судья.

Көпкө созулган талаш-тартыштардан кийин сот кайрадан адвокатка жарыш сөздү улантууга мүмкүнчүлүк берди, бирок кайталанма сөздөр коштолсо анын сөзү токтотуларын эскертти.

Рабига Садыкова бүгүн эртең мененки саат тогузда жарыш сөздү баштап, азыркыга чейин сүйлөп жатат.

Адвокаттан кийин Салянова өзү акыркы сөзүн сүйлөйт.

https://www.facebook.com/adil.turdukulov/videos/1973403082914270/

Количество просмотров: 12