Бишкектин түштүк бөлүгүндө Мамлекеттик салык кызматынын жаңы административдик имараты курулат.
Маалыматка ылайык, жаңы имарат жети кабаттуу жана заманбап архитектурага ээ болот. Имараттын жалпы аянты 7,5 миң чарчы метрди түзөт.
«Жогорудан караганда имарат улуттук сом валютасын жана «Салык» сөзүнүн биринчи тамгасын символдоштурган «C» тамгасынын уникалдуу формасында көрүнөт. Ал ошондой эле туруктуулукту символдоштуруп, бир топ монеталардын элесин чагылдырат», — деп жазылат маалыматта.