• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов кармалды

6 Бештин айы 202416:33 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарыгдагы булактарына таянып жазды.

Маалымат боюнча, бүгүн, 6-декабрда Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов акциздик салык иши боюнча УКМКга суракка чакыртылган. Сурактан кийин ал УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Эске салсак, кечээ 5-декабрда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалса, дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берген.

Андан мурда салык кызматынын орто звенодогу бир топ жетекчилери да кармалган.

УКМК маалыматы боюнча, акциздик маркаларга байланышкан коррупциялык схема иштеп, натыйжада мамлекетке 3,2 млрд сом зыян келтирилген.

Количество просмотров: 244