• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Салыкчылар 90 миң куту сагызды жок кылышты

31 Үчтүн айы 202512:34 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 90 миң куту «ORBIT» контрафакттык сагызын жок кылышты.

Салык кызматынан маалымдашкандай, жок кылуу процесси ведомстволор аралык комиссиянын, ошондой эле «ORBIT» товардык белгисинин укук ээлеринин катышуусунда өттү. Соттун чечимине ылайык, контрафакттык продукция Бишкек шаарына жакын таштанды төгүүчү жайлардын биринде, атайын меште (инсинератор) өрттөө жолу менен жок кылынды.

Эскерте кетсек, контрафакттык продукция Бишкектеги базарлардын биринен тартылып алынган.

Салык кызматы Кыргызстандын аймагындагы эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча иштерди улантат.

Количество просмотров: 386