• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Салыкчылар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшүүдө

21 Теке 2021 12:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2021-жылдын 21-июлунда КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эмдөөнү №10 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери уюштурушту. Эмдөөнүн алдында ар бир кызматкердин ден соолугунун абалы текшерилди.

Эмдөөдөн аймактык салык органдарынын кызматкерлери да өтүшөт.

Ведомствонун борбордук аппаратында жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмдөө жүргүзүү кампаниясынын алкагында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу максатында коронавирустан иммунизациялоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 147