Самара Каримова Кыргызстанда миллион катталуучу топтогон алгачкы Инстаграм колдонуучусу болду
Самара Каримова Кыргызстанда миллион катталуучу топтогон алгачкы Инстаграм колдонуучусу болду
23 Баш оона 2018 18:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.08.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова социалдык тармактагы популярдуу болгон Инстаграм баракчасында миллион катталуучу топтоду. Кыргыз шоу-бизнесиндеги алгачкы миллион катталуучу топтогон ырчы айым өзүнүн баракчасына сүрөттөрүн жана ар кандай мааракелердеги видеолорун жүктөп турат.
Ал эми Инстаграм социалдык тармагы акыркы жылдары коомчулукка кеңири жайылганын байкасак болот. Анда белгилүү инсандардан тартып жөнөкөй жарандарга чейин катталып өз сүрөт, тасмалары менен бөлүшсө, айрымдары бул тармакты акча табуунун бир жолу катары колдонуп келишет.
Эске сала кетсек, Самара Каримова Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин башкы директору болуп дайындалган соң дал ушу социалдык тармактагы сын пикирлерден улам ал кызматтан баш тарткан.