• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Самаркандда 50дөй адам фастфудга ууланды

22 Баш оона 2023 15:44 Бишкек Govori.TV

Самаркандда 49 адам коомдук тамактануучу жайда даярдалган “хот-догго” ууланып, жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Жабыркагандардын арасында жашы жете элек балдар да бар.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, жабыркагандардын баары фастфуд сатуучу жайда «хот-дог» жешкен. Кечке жуук алардын дене табы көтөрүлүп, кусуп, ичтери өткөн.

Учурда 29 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү, калган 20 бейтап дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы жакшы.

Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин башкы эксперти Абдурахман Исмаиловдун билдиргенине караганда, «хот-догдогу» сабиз салаты үй шартында бышырылган, ал эми коомдук тамактануу жайы бул салатты өз азыктарына колдонгон.

Учурда коомдук тамактануу жайынын иши токтотулду. «Хот-дог» үчүн жасалган азыктардын үлгүлөрү райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына текшерүүгө берилди.

Количество просмотров: 68