Самаркандда жаранды АКШга жөнөтөм деп убада берип, андан ири суммада акча алган адам кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, кылмышка шектүү М.А аттуу жаранды Самарканд-Стамбул-Мадрид-Никарагуа багыты боюнча АКШга жөнөтүү үчүн андан 14 миң доллар сураган.
Ал акчанын үч миң долларын алып жатканда кармалган. Бул факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
2022-жылы АКШнын Бажы жана чек ара кызматы Америка чек араларында болжол менен 3 200 өзбекстандык жаранды аныктаган. Андан бир жыл мурда бул көрсөткүч 700 адамга жеткен эмес.