• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Самаркандда алты жолку чемпион ымыркайын сатууга аракет жасаганы үчүн 4,5 жылга соттолду

4 Баш оона 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

Самарканд шаардык соту төрөлгөнүнө төрт күн болгон ымыркайын 2,5 миң долларга сатууга аракет жасаган спортчуну 4,5 жылга эркинен ажыратты.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, соттун өкүмү чыккан адам 25 жаштагы белгилүү спортчу жана Өзбекстандын алты жолку чемпиону. Бирок ал спорттун кайсы түрү менен машыгары так айтылган жок.

Кыз ымыркайды сатуу аркылуу андан арылууну каалаганы айтылат. Спортчу баланы сатып жаткан маалда кармалган.

Количество просмотров: 190