• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сурак учурунда терезеден секирген шектүү каза болду

4 Аяк оона 2023 15:43 Бишкек Govori.TV

30-августта 28 жаштагы Темур Зохидов Самарканд шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын 3-кабаттагы терезесинен боюн таштап каза болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, алдамчылыкка шектелген Зохидовду суракка алып жаткан тергөөчү токтотууга аракет кылган. Бирок шектүү аны кошо сүйрөй түшкөн.

Ушул тапта терезеден кулап түшкөн тергөөчү жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Быйыл 29-майда Ташкентте маңзат колдонгон деген шек менен кармалган 21 жаштагы сурхандарыялык жаран Чиланзар райондук ички иштер бөлүмүнүн төртүнчү кабатындагы терезеден кулап каза болгон.

Анда Өзбекстандын Ички иштер министрлиги шектүү өз жанын кыйганын билдирген. Бирок дарыгерлер менен жакындары маркумдун денесинде кыйноонун издери болгонун айтышкан.

Количество просмотров: 2476