Бишкек.09.08.2019.Govori.TV
Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы өзгөрүүсүз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Айгерчинова билдирди.
Маалыматка ылайык, Курманкулов мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы оор экендиги айтылат.
Кошумчалай кетсек, 7-август күнү Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп, анда жөнөкөй тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Андан тышкары, спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.
Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 44кө жетти.