• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Самат Курманкуловдун дарылануусуна каражат топтолууда

3 Жетинин айы 2022 9:48 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук милициясынын мурдагы жетекчиси Самат Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Жандандырууга түшүп калган милиционер-жетекчиге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкулов өзүнө келип, абалы жакшыра баштаганы белгилүү болгон.


Бирок, азыркы күндө дагы толук калыбына келе албай жатат. Учурда ал дары сатып алууга муктаж. Дары дармектердин баасы кымбат болгондугуна байланыштуу коомдогу активдүү жарандар ага жардам көрсөтүүнү сунуштап, кайрымдуулук көрсөтүүнү каалагандарга анын картасына акча которсо болоорун билдиришти.

Количество просмотров: 1447