• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Саналуу мөнөттөрдөн кийин Мунарбек Сейитбек уулу беттешке чыгат

3 Баш оона 202423:48 Бишкек Govori.TV

3-августтан 4-августка караган түнү саат 00:00дө Олимп оюндарында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу беттешке чыгат.

Ал 57 килограмм салмак ченинде чейрек финалда америкалык спортчу Жамал Харви менен күч сынашат.

Кыргыз спортчусунун атаандашы 22 жашта. АКШнын бокс боюнча курамасынын мүчөсү, бокс боюнча дүйнө чемпиону.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга чыккан.

Количество просмотров: 255