• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Орусияда кыргызстандык айдоочу маршрутка менен трамвайды сүздү

24 Тогуздун айы 201911:56 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербургда К-235 маршрутканын айдоочусу Сапарбек Темирбаевди трамвайды сүзүп алгандыгы үчүн кармашты. Бул тууралуу «Новости Петербурга» билдирди.

https://www.youtube.com/watch?v=m9nHYNey5kI

Кырсыктан 15 киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Алардын арасында жаш балдар бар.

ИИМдин аймактык башкармалыгынан билдиришкендей, кыргызстандык жаран Жол кыймылынын эрежесин бузуу тууралуу кылмыш иши боюнча шектелүүдө. Шектүүнү тергөө абагына киргизүү каралууда.

Маалыматка таянсак, Сапарбек Темирбаев кесилиш жолго жол чырактын кызыл күйүп турганына карабай чыга калган.

Булак: 24.kg

Количество просмотров: 81