Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жарандар жашаган чарба үйү өрттөндү. Бул тууралуу «Piter.TV» күбөлөргө шилтеме берүү менен жазды.
Өрт бүгүн, 18-ноябрда эртең менен тутанган. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр, тез жардам бригадасы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү иштеп жатат.
«Болжолдуу маалымат боюнча, өрттүн кесепетинен адамдар каза болгон жок. Учурда дарыгерлер жабырлануучуларды текшерип жатат», — деп жазды басылма.