• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Түнкү саат 00:55ке карата жарадар болгондор 36 кишиге жетти

8 Баш оона 20191:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.08.2019. Govori.TV

Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны түнкү саат 00:55ке карата 36 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында ок атуудан улам жаракат алгандары жана мээси чайкалгандары бар.

Мунун алдында Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген.

Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-июлда кечке жуук башталган. Бирок мурдагы президент дале Кой-Таштагы үйүндө экени кабарланып дата.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 16