Бишкектин Биринчи май райондук соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Сапар Акунбековдун баш коргоо чарасын карап, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.
Биринчи май сотунун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, соттун чечими 7-мартта кабыл алынган, ага ылайык Акунбеков 13-майга чейин үй камагында болот.
Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.
ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.